# 374-берене. Сот арачылары тарабынан чечилүүгө тийиш суроолордун коюлушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-374.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 374-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-374

---

1. Айыпталуучу акыркы сөзүн сүйлөгөндөн кийин сот арачыларына чечүү үчүн берилген суроолорду түзүү үчүн зарыл болгон убакытка сот арачылары сот отурумунун залынан чыгып кетишет.

2. Төрагалык кылуучу соттук териштирүүнүн натыйжаларын, тараптардын жарыш сөздөрүн эске алуу менен сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолорду жазуу жүзүндө түзөт, аларды жарыя кылат жана тарашарга берет.

3. Тараптар суроолордун мазмуну жана баяндалышы боюнча өз пикирлерин билдирүүгө жана сунуш киргизүүгө укуктуу.

4. Тараптардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен төрагалык кылуучу сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолорду биротоло түзөт, аларды суроо баракчаларына киргизет жана ага кол коёт.

5. Суроо баракчасынын мазмуну сот арачыларынын катышуусу менен жарыя кылынат жана суроо баракчасы сот арачыларынын улугуна берилет.

6. Кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетүүнүн алдында сот арачылары төрагалык кылуучудан коюлган суроолорго байланыштуу өздөрүндө пайда болгон так эместиктер боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга, мында бул суроолорго мүмкүн болуучу жооптордун маңызына жана алардын укуктук жагына токтолбоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [373-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-373)  
Кийинки берене: [375-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-375)
