# 372-берене. Соттук жарыш сөздөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 372-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-372

---

1. Соттук териштирүү аяктагандан кийин, сот сот арачыларынын катышуусу менен соттук жарыш сөздөргө өтөт.

2. Сот арачыларынын катышуусу менен жүргөн соттогу соттук жарыш сөздөр эки бөлүктөн турат.

3. Жарыш сөздөрдүн биринчи бөлүгү прокурордун, жабырлануучунун, жактоочунун жана айыпталуучунун сөздөрүнөн турат, алар айыпталуучунун мурдагы соттолгондугун эске албастан, анын күнөөсүнүн далилденгендиги же далилденбегендиги боюнча өз позицияларын баяндайт. Тараптар сот арачыларынын катышуусу менен каралууга жатпай турган жагдайларды эскерте алышпайт жана сот отурумунда негизденбеген далилдерге таяна алышпайт. Төрагалык кылуучу мындай сөздөрдү токтотот жана сот арачыларына вердикт чыгарууда алар ушул жагдайларды эске алууга тийиш эместигин түшүндүрөт.

4. Жарыш сөздөрдүн экинчи бөлүгү прокурордун, ошондой эле жабырлануучунун, анын өкүлүнүн, жактоочунун жана айыпталуучунун сөздөрүнөн турат, анда айыпталуучунун аракеттерин квалификациялоо, жаза дайындоо боюнча позициялар баяндалат. Жарыш сөздөрдүн экинчи бөлүгү вердикт жарыялангандан кийин сот арачыларынын катышуусуз жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [371-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-371)  
Кийинки берене: [373-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-373)
