# 371-берене. Сот арачыларынын катышуусу менен жүргөн соттогу соттук териштирүүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 371-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-371

---

1. Сот арачыларынын катышуусу менен жүргөн соттук териштирүү ушул берененин талаптарын эске алуу менен ушул Кодекстин 314-329, 332-беренелеринде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Төрагалык кылуучу айыпталуучуга, жабырлануучуга жана соттук териштирүүнүн башка катышуучуларына суроо берүүгө, ошондой эле изилденген далилдерге карата өз пикирин билдирүүгө укуксуз. Иш боюнча бардык далилдер соттук териштирүүнүн жүрүшүндө түздөн-түз жана оозеки изилденет. Тергөө өндүрүшүнүн баскычында берилген процесстин катышуучуларынын көрсөтмөлөрүн жарыя кылууга ал адам өлгөн, катуу ооруп калган же Кыргыз Республикасынан сырткары чыгып кеткен же болбосо сотто көрсөтмө берүү мүмкүнчүлүгү болбой калган башка жагдайларда гана жол берилет. Соттук тергөөнүн жүрүшүндө эксперттин корутундусу талашка түшкөн учурда экспертти суракка алуу милдеттүү тартипте жүргүзүлөт.

3. Айыпталуучуну, жабырлануучуну жана соттук териштирүүнүн башка катышуучуларын суракка алууну айып коюучу жана жактоочу тараптар жүргүзөт.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачыларынын катышуусу менен далилдениши сот арачыларынын ушул Кодекстин 370-беренесинде каралган ыйгарым укуктарына ылайык аныктала турган жазык ишинин иш жүзүндөгү жагдайлары гана изилденет.

4. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысынын корутунду бөлүгүн жарыя кылууда айыпталуучунун соттолгондугу тууралуу фактыларды эске салууга укуксуз.

5. Сот арачылары төрагалык кылуучу аркылуу айыпталуучуга, жапа чегүүчүгө, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге бул адамдар тараптар тарабынан суралгандан кийин суроо бере алышат. Суроолор сот арачылары тарабынан жазуу жүзүндө баяндалат жана улук аркылуу төрагалык кылуучуга берилет. Төрагалык кылуучу ишке тиешеси жок деп эсептеген, ошондой эле таңууланган же мазактоочу мүнөздөгү суроолорду четке кагууга укуктуу.

6. Сот арачыларынын катышуусу менен айыпталуучунун мурдагы соттолгондугуна байланышкан, аны өнөкөт аракеч же баңгичи деп таануу жөнүндөгү жагдайлар, ошондой эле айыпталуучуга карата сот арачысынын бир жактуу мамилесин пайда кылышы мүмкүн болгон башка жагдайлар изилденбейт.

---

Мурунку берене: [370-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-370)  
Кийинки берене: [372-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-372)
