# 370-берене. Төрагалык кылуучунун жана сот арачыларынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 370-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-370

---

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү копшогондо, жазык ишин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө бардык маселелер, ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык төрагалык кылуучу тарабынан жеке чечилет.

2. Жазык ишин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачылары ушул Кодекстин 336-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 4-пункттарында каралган жана суроо баракчасында түзүлгөн маселелерди чечет. Айыпталуучу күнөөлүү деп таанылган учурда, сот арачылары айыпталуучунун күнөөсү жеңилдетүүгө арзый тургандыгын көрсөтүүгө укуктуу.

3. Төрагалык кылуучу сот арачылары болбогондо тараптардын өтүнмөлөрү боюнча ишти териштирүүдөн ушул Кодекстин 82-беренесине ылайык далил катары жол берилгис болгон иш жүзүндөгү маалыматтарды чыгарып салуу жөнүндө маселени чечүүгө милдеттүү.

4. Тараптар сот арачылары катышкан сотто ишти териштирүүдөн чыгарып салынган далилдер бар экендигин эске салууга, өзүнүн позициясын негиздөө үчүн аларга шилтеме келтирүүгө укуксуз.

5. Төрагалык кылуучу сот арачыларын жол берилгис деп таанылган далилдер менен тааныштырууга укуксуз.

Эгерде төрагалык кылуучу сот арачыларына, алар ушундай тартипте алган маалыматтарды эсепке албоого милдеттүү экендигин түшүндүрсө, сот арачыларынын катышуусунда алар изилденгенге чейин же кийин жол берилгис деп таанылган далилдер менен сот арачыларын тааныштыруу жазыктык-процесстик мыйзамды олуттуу бузууну түзбөйт.

---

Мурунку берене: [369-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-369)  
Кийинки берене: [371-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-371)
