# 37-берене. Алгачкы текшерүү органы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138542..1138543>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 37-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-37

---

1. Төмөнкүлөр алгачкы текшерүү органына кирет:

1) ички иштер органдары;

2) жазык-аткаруу системасынын органдары жана мекемелери;

3) аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелеринин командирлери жана аскердик мекемелердин начальниктери;

4) чек ара бөлүктөрүнүн командирлери;

5) аба кемелеринин командирлери;

6) улуттук коопсуздук органдары;

7) (КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8) бажы органдары;

9) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдар;

10) өзгөчө кырдаалдар кызматынын органдары;

11) алыскы жерлердеги геологиялык чалгындоо партияларынын, экспедициялардын жетекчилери;

12) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин башчылары.

2. Алгачкы текшерүү органы өзүнүн компетенциясынын чектеринде:

1) ушул Кодекстин 16-бөлүмүндө белгиленген тартипте жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзөт;

2) жасалган кылмыш жана (же) жорук жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү каттоону камсыз кылат;

3) болгон окуянын издерин сактоо чараларын көрөт;

4) далилдерди чогултуу, кылмыш жасаган адамдарды аныктоо үчүн атайын тергөө амалдары боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын ишке ашырат;

5) өз компетенциясынын чегинде иштеген прокурорго жана тергөөчүгө алар талап кылган маалыматтарды жана материалдарды берет;

6) прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн, тергөөчүнүн тапшырмаларын, анын ичинде айрым тергөө амалдарын жүргүзүү жана жабырлануучуларды, күбөлөрдү, жазык сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдарды коргоо чараларын колдонуу жөнүндө тапшырмаларын аткарат;

7) айдап келүүнү жүзөгө ашырат;

8) ушул Кодекске ылайык, соттун жазуу жүзүндөгү тапшырмаларын аткарат;

9) бөгөт коюу чарасынын шарттарынын жана тартиптеринин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4, 5, 10, 11 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн алгачкы текшерүү органдары жыйналган материалдарды тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына ушул Кодексте аныкталган тергөө караштуулугу боюнча өткөрүп берүү менен, окуянын изин сактоо боюнча гана кечиктирилгис чараларды көрүшөт.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-38)
