# 369-берене. Сот арачыларынын соттук териштирүүдө катышуусунун жалпы шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-369>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-369.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 369-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-369

---

1. Сот арачыларынын орундары сот отурумунун залында отургандардан бөлүнүп, эреже катары, айыпталуучулардын отургучунун каршысына жайгаштырылууга тийиш. Сот арачыларынын запастагы курамы төрагалык кылуучу алар үчүн атайын бөлгөн сот арачыларынын отургучтарынан орун алат.

2. Сот арачыларынын кимдир-бирөөсүнүн сот отурумуна катышуу мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда, запастагы курамдын сот арачылары вердикт чыгарылганга чейин сот арачыларынын негизги курамына киргизилиши мүмкүн. Чыгып калган сот арачыларын запастагылар менен алмаштыруу жазык иши боюнча сот арачыларынын коллегиясын түзүүдөгү тизмеде көрсөтүлгөн ырааттуулукта жүргүзүлөт. Эгерде чыгып калган сот арачыларын запастагылар менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү калбай калган учурда, төрагалык кылуучу болуп өткөн соттук териштирүүнү жараксыз деп жарыялайт жана соттук териштирүүнү ушул Кодекстин 360-беренесине ылайык, сот арачылыгына талапкерлерди алдын ала тандоо этабына кайра кайтарат.

3. Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачыларынын улугу чыгып калса, анда аны алмаштыруу ушул Кодекстин 367-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте кайталап шайлоо жолу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [368-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-368)  
Кийинки берене: [370-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-370)
