# 368-берене. Сот арачыларынын ант бериши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-368.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 368-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-368

---

1. Төрагалык кылуучу сот арачыларына ант берүү сунушу менен кайрылат жана төмөнкүдөй мазмундагы текстти окуп берет: "Сот арачысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып өз милдеттеримди адилет, ак ниет жана кынтыксыз аткарууга, сотто каралган айыпталуучуну каралаган, ошондой эле аны актаган бардык далилдерди, жүйөлөрдү, иштин жагдайларын көңүлгө алууга, ишти күнөөлүүнү актабастан жана күнөөсүздү айыптабастан, өзүмдүн ички ынанымдарым жана абийирим боюнча чечүүгө ант беремин".

2. Ант жарыя кылынгандан кийин төрагалык кылуучу сот арачыларынын, анын ичинде запастагылардын фамилияларын да атайт, алардын ар бири: "Ант беремин" деп жооп берет.

3. Сот арачыларынын ант бергендиги жөнүндө сот отурумунун протоколуна жазуу жазылат.

4. Ант берилгенден кийин төрагалык кылуучу сот арачыларына ушул Кодекстин 32-беренесинде каралган алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берет жана соттук териштирүүгө киришет.

---

Мурунку берене: [367-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-367)  
Кийинки берене: [369-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-369)
