# 367-берене. Сот арачыларынын улугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-367>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-367.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 367-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-367

---

1. Сот арачыларынын коллегиясын түзүү аяктагандан кийин, төрагалык кылуучу негизги курамдагы сот арачыларына улукту шайлоо үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгууну сунуш кылат. Улук негизги курамдан сот арачыларынын ичинен көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу шайланат.

2. Сот арачылары сот отурумунун залына кайтып келгенден кийин, улук төрагалык кылуучуга жана тараптарга ал сот арачыларынын чечими менен шайлангандыгын билдирет.

3. Сот арачыларынын улугу сот арачыларынын кеңешмесинин жүрүшүнө жетекчилик кылат, алардын тапшыруусу боюнча төрагалык кылуучуга суроо жана өтүнүч менен кайрылат, сот берген суроолорду жарыя кылат, аларга жоопторду жазып алат, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, вердиктти жол-жоболоштурат жана төрагалык кылуучунун көрсөтмөсү боюнча аны сот отурумунда жарыя кылат.

4. Сот арачыларынын улугу шайлангандан кийин, төрагалык кылуучу сот арачыларынын коллегиясын сот арачыларынын отургучунан аларга бөлүнгөн орунду ээлөөнү сунуш кылат.

---

Мурунку берене: [366-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-366)  
Кийинки берене: [368-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-368)
