# 366-берене. Сот арачыларынын коллегиясын түзүүнү аяктоо боюнча төрагалык кылуучунун аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 366-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-366

---

1. Сот арачыларынын коллегиясын түзүү аякташы менен төрагалык кылуучу, сот арачылыгына тигил же бул талапкерлерди алдын ала курамдан чыгарып салуунун негиздерин көрсөтпөстөн, тандап алуунун натыйжасын жарыя кылат, калган сот арачылыгына талапкерлерге ыраазычылык билдирет.

2. Төрагалык кылуучу сот отурумунун протоколуна киргизилген сот арачыларынын фамилиясын, аты-жөнүн жарыя кылат. Мында биринчи тогуз сот арачысы сот арачыларынын коллегиясын түзөт, ал эми кийинкилери запастагылар катары ишти кароого катышат.

---

Мурунку берене: [365-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-365)  
Кийинки берене: [367-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-367)
