# 364-берене. Сот арачылыгына талапкерлерди жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 364-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-364

---

1. Сот арачылыгына талапкерлердин саны он сегизди жана андан ашыкты түзсө, ушул Кодекстин 363-беренесине ылайык билдирилген четтетүүлөр канааттандырылгандан кийин, төрагалык кылуучу тараптарга жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүүлөрдү билдирүүнү сунуш кылат.

2. Жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүү тараптардын жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүүгө жаткан сот арачылыгына талапкерлердин тизмелерин берүү аркылуу жүргүзүлөт. Тизмеге тиешелүүлүгүнө жараша прокурор жана (же) жабырлануучу, айыпталуучу жана (же) коргоочу кол коюуга тийиш.

Сот арачылыгына талапкерлерди жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүүнү биринчи прокурор жүзөгө ашырат, андан кийин алар берген тизме төрагалык кылуучуга жана жактоочулар тарабына көрсөтүлөт. Ар бир тарапка сот арачылыгына талапкерлердин бирдей санынан, бирок сот арачылыгына экиден кем эмес талапкерди четтетүү мүмкүнчүлүгү берилет. Жүйөлөнбөгөн четтетүүлөр жөнүндө маселе тиешелүүлүгүнө жараша прокурор менен жабырлануучунун жана айыпталуучу менен коргоочунун ортосунда макулдашылат. Айыпталуучу өзүнүн коргоочусуна сот арачылыгына талапкерди четтетүү укугун жүзөгө ашырууну тапшырууга укуктуу.

3. Эгерде бир нече айыпталуучу болсо жана алардын ортосунда жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүүлөрдү бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу жок болсо, анда алардын саны ар бир айыпталуучуга бирден билетти урнага салуу менен, чүчүкулак өткөрүү жолу менен айыпталуучулардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Бардык билеттер алынып бүткөндө, жол-жоболор кайталанат. Айыпталуучу анын фамилиясы бар билетти төрагалык кылуучу канча жолу урнадан алып чыкса, ошончо сот арачылыгына талапкерди четтетүүгө укуктуу.

4. Прокурор, айыпталуучу жана анын коргоочусу төрагалык кылуучу аркылуу сот арачылыгына талапкердин кимдир-бирөөсүн өздөрүн тааныштырышын өтүнүүгө укуктуу.

5. Айыпталуучулардын кимдир-бирөөсүнүн сот арачылыгына талапкерлерди жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүү укугунан баш тартышы сот арачылыгына талапкерлердин санынын четтетүү боюнча башка айыпталуучулардын укуктарын чектөөгө алып келбейт.

6. Эгерде четтетилбеген сот арачылыгына талапкерлердин саны төрагалык кылуучу тарабынан аныкталган сот арачылардын санынан ашса, анда төрагалык кылуучунун көрсөтмөсү боюнча сот отурумунун протоколуна төрагалык кылуучу тарабынан аныкталган, талапкерлердин тизмесинде биринчи бараткан сот арачыларынын саны киргизилет.

7. Тараптар жүйөлөштүрүлбөй четтетилген сот арачылыгына талапкерлердин тизмеси жазык ишинин материалдарына тиркелет.

---

Мурунку берене: [363-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-363)  
Кийинки берене: [365-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-365)
