# 363-берене. Сот арачылыгына талапкерлерди четтетүү жөнүндө маселени чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 363-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-363

---

1. Сот арачыларынын коллегиясынын алдын-ала курамындагы ар бир сот арачысына талапкерге тараптар ушул Кодекстин 65-беренесинде каралган тартипте жана төмөнкүдөй учурларда четтетүү билдирүүгө тийиш:

1) эгер сот арачылыгына талапкер ушул иш боюнча жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер болуп саналса, күбө катары чакырылса же болбосо чакырылышы мүмкүн болсо;

2) эгер сот арачылыгына талапкер ушул жазык иши боюнча өндүрүшкө эксперт, адис, котормочу, калыс күбө, сот отурумунун катчысы, тергөөчү, прокурор, жактоочу, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү, жабырлануучунун өкүлү, жарандык доогер же жарандык жоопкер катары катышкан болсо;

3) эгер сот арачылыгына талапкер жабырлануучунун, анын өкүлүнүн, айыпталуучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн, прокурордун, жактоочунун, тергөөчүнүн тууганы болуп саналса;

4) эгер сот арачылыгына талапкер ушул иштин натыйжасына жеке, тикелей же кыйыр кызыкдар, ошондой эле башка себептер боюнча калыс боло албайт деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо.

2. Тараптар төрагалык кылуучуга четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлөштүрүлгөн өтүнүчтү жарыя кылбастан берет. Тараптардын өтүнүмөлөрүн канааттандыруу сот арачылыгына талапкерлерди алдын-ала курамдан чыгарып салууга алып келет. Мында төрагалык кылуучу өз чечимин тараптарга жеткирет.

---

Мурунку берене: [362-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-362)  
Кийинки берене: [364-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-364)
