Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
363-берене. Сот арачылыгына талапкерлерди четтетүү жөнүндө маселени чечүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот арачыларынын коллегиясынын алдын-ала курамындагы ар бир сот арачысына талапкерге тараптар ушул Кодекстин 65-беренесинде каралган тартипте жана төмөнкүдөй учурларда четтетүү билдирүүгө тийиш:
1) эгер сот арачылыгына талапкер ушул иш боюнча жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер болуп саналса, күбө катары чакырылса же болбосо чакырылышы мүмкүн болсо;
2) эгер сот арачылыгына талапкер ушул жазык иши боюнча өндүрүшкө эксперт, адис, котормочу, калыс күбө, сот отурумунун катчысы, тергөөчү, прокурор, жактоочу, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү, жабырлануучунун өкүлү, жарандык доогер же жарандык жоопкер катары катышкан болсо;
3) эгер сот арачылыгына талапкер жабырлануучунун, анын өкүлүнүн, айыпталуучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн, прокурордун, жактоочунун, тергөөчүнүн тууганы болуп саналса;
4) эгер сот арачылыгына талапкер ушул иштин натыйжасына жеке, тикелей же кыйыр кызыкдар, ошондой эле башка себептер боюнча калыс боло албайт деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо.
2. Тараптар төрагалык кылуучуга четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлөштүрүлгөн өтүнүчтү жарыя кылбастан берет. Тараптардын өтүнүмөлөрүн канааттандыруу сот арачылыгына талапкерлерди алдын-ала курамдан чыгарып салууга алып келет. Мында төрагалык кылуучу өз чечимин тараптарга жеткирет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-363" title="363-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>