# 360-берене. Сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамын түзүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 360-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-360

---

1. Сот арачыларынын катышуусу менен угууга жазык ишин дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган күнү соттун администратору төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча капилет тандоо жолу менен мамлекеттик айыптоочунун жана айыпталуучунун жактоочусунун катышуусунда элүүдөн кем эмес сандагы сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамын түзөт.

2. Жазык ишин кароодо катышуу үчүн сот арачылыгына талапкерлерди капилет тандоо бүткөн соң, аты-жөнүн, атасынын атын көрсөтүү менен сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамынын тизмеси түзүлөт, ага соттун администратору жана тараптардын колу коюлат. Сот арачылыгына талапкерлердин аты-жөнү капилет тандоо жүргүзүлгөн тартипте тизмеге киргизилет.

Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамы маалыматтык автоматташтырылган системанын жардамы менен сот арачылыгына талапкерлердин ар кылдагы биротоло тизмесинен түзүлөт.

3. Сот арачыларынын коллегиясын түзүү башталганга чейин сот отурумуна келген сот арачылыгына отуз беш талапкер жетиштүү.

4. Сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамына киргизилген сот арачылыгына талапкерлерге сот отуруму башталганга чейин 7 суткадан кем эмес мөөнөттө сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн эскертмелер, ошондой эле сот отурумуна келүү убактысы көрсөтүлгөн билдирмелер тапшырылат.

---

Мурунку берене: [359-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-359)  
Кийинки берене: [361-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-361)
