# 36-берене. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 36-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-36

---

1. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тергөө өндүрүшүн уюштурат.

2. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) тергөө өндүрүшүн тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна тапшырууга, ошондой эле тергөөчүдөн жазык ишин алып коюуга жана анын негиздерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен башка тергөөчүгө берүүгө;

2) эгерде ал ушул Кодекстин талаптарын бузууга жол берсе, тергөөчүнү андан аркы тергөө өндүрүшүнөн четтетүүгө;

3) тергөөчүлөрдүн өндүрүшүндө турган жазык иштери боюнча алардын иш-аракеттеринин өз убагында болушун, тергөөчүлөрдүн тергөө жана камакта кармоо мөөнөттөрүн сакташын, ушул Кодексте белгиленген учурларда прокурордун көрсөтмөлөрүн, башка тергөөчүлөрдүн тапшырмаларын аткарышын контролдоону ишке ашырууга;

4) тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тергөөчүнүн өндүрүшүндө турган иш боюнча териштирүүгө катышууга, тергөөчүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу менен жеке өзү тергөө жүргүзүүгө укуктуу.

3. Тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин жазык иши боюнча көрсөтмөлөрү тергөөчүнүн өз алдынчалуулугун, ушул Кодекстин 35-беренесинде белгиленген анын укуктарын чектей албайт. Көрсөтмөлөр тергөөчүгө жазуу жүзүндө берилет жана аткаруу үчүн милдеттүү, бирок ап макул болбогон учурда прокурорго даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-37)
