# 359-берене. Алдын ала угуулардын натыйжалары боюнча чыгарылган чечимдердин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 359-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-359

---

1. Алдын ала угуулардын натыйжалары боюнча судья токтом түрүндө чыгарылуучу төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) жазык ишин сот арачыларынын катышуусу менен соттун угуусуна дайындоо жөнүндө;

2) жазык ишин ушул Кодекстин 41-главасында каралган эрежелер боюнча андан ары кароо үчүн тийиштүү биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүү жөнүндө.

2. Жазык ишин сот арачыларынын катышуусунда сотто угууга дайындоо жөнүндө токтомдо судья:

1) элүүдөн кем эмес болууга тийиш сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн сотко чакырылууга тийиш болгон сот арачылыгына талапкерлердин санын аныктайт;

2) сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн соттук отурумду өткөрүү датасын аныктайт.

3. Сот арачыларынын катышуусу менен соттун угуусуна жазык ишин дайындоо менен бир эле маалда судья тараптардын ой-пикирин эске алып, алдын ала угуулардын натыйжалары боюнча ишти териштирүүдөн ушул Кодекстин 82-беренесине ылайык далил катары жол берилбеген иш жүзүндөгү маалыматтарды алып салуу жөнүндө маселени карайт.

4. Сот арачыларынын катышуусу менен жазык ишин угууга дайындоо жөнүндө судьянын токтому биротоло болуп саналат. Андан кийин токтом сот арачыларынын катышуусу менен ишти кароодон айыпталуучунун баш тартуу жүйөөсү боюнча кайра каралышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [358-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-358)  
Кийинки берене: [360-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-360)
