358-берене. Алдын ала угууларды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Алдын ала угууларды судья сот отурумунда тараптардын катышуусунда жеке өзү өткөрөт.
Тараптар алдын ала угууларды өткөрүү күнү жөнүндө 3 суткадан кечиктирбестен билдирилет. Алдын ала угууга талаптагыдай түрдө билдирилген жабырлануучунун, анын жактоочусунун келбей калуусу алдын алуу угууларды өткөрүү үчүн бөгөт болбойт.
2. Алдын ала угууларды ачуу менен судья кайсы иш каралууга тийиштигин, катышып жаткандарга мамлекеттик айыптоочу, жактоочу, катчы ким экендигин жарыялайт, айыпталуучунун ким экендигин аныктайт, билдирилген баш тартууларга уруксат берет. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актынын резолюциялык бөлүгүн жарыялайт. Судья айыпталуучуга айыптоо түшүнүктүү экендигин тактайт, зарыл болгон учурларда ага айыптоонун маңызын түшүндүрөт жана анын ишин соттун сот арачыларынын катышуусунда кароо жөнүндө өтүнмөсүн ырастай тургандыгын сурайт.
3. Эгерде айыпталуучу анын ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндө өтүнүмөсүн ырастаса, анда судья бул өтүнүчтү канааттандыруу жөнүндө жарыялайт жана мамлекеттик айыптоочунун, жабырлануучунун, айыпталуучунун, аларды жактоочунун өтүнүмөлөрүн, мурда билдирилген башка өтүнүмөлөрдү кароого өтөт. Судья тараптардын ой-пикирин угуп, өтүнмөлөрдү чечет. Айыптоо жана коргоо тараптарынын өтүнүмөлөрү судьянын кароосу үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Зарылчылык болгон учурда алдын-ала угууда ишке тиркелген документтер, ошондой эле далил катары жол берилгендигин текшерүү үчүн башка далилдер жарыяланат.
5. Эгерде айыпталуучу анын ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндө өтүнмөсүн ырастабаса, судья алдынала угууларды аяктады деп эсептейт жана ишти ушул Кодекстин 41-главасында каралган эрежелер боюнча андан ары кароо үчүн тийиштүү биринчи инстанциядагы сотко жөнөтөт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
358-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-358" title="358-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>