# 355-берене. Сот отурумунда ишти териштирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 355-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-355

---

1. Жекече айыптоо иши боюнча арызды кароо утурлаган арызды кароо менен бир өндүрүшкө бириктирилиши мүмкүн. Бириктирүүгө соттук териштирүү башталганга чейин судьянын токтому боюнча жол берилет. Арыздарды бир өндүрүшкө бириктирүүдө, аларды берген адамдар бир эле учурда жекече айыптоочу жана айыпталуучу катары процесске катышат. Каршы даттануу келип түшкөндүгүнө жана каршы даттануу берилген адамдын өтүнүчү боюнча өндүрүштү бириктирүүгө байланыштуу коргоого даярдануу үчүн иш 3 суткадан ашык эмес мөөнөткө жылдырылышы мүмкүн. Алардын өздөрүнүн даттанууларында баяндалган жагдайлар жөнүндө бул адамдарга сурак жүргүзүү жабырлануучуну суракка алуунун эрежелери боюнча жүргүзүлөт, ал эми каршы даттанууда баяндалган шарттар тууралуу - айыпталуучуну суракка алуу эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

2. Сот отурумунда жекече айыптоо иши боюнча айыптоону жекече айыптоочу же анын өкүлү колдойт.

3. Жекече айыптоо иши боюнча соттук териштирүү аны берген адамдын же анын өкүлүнүн арызын жарыялоо менен башталат.

4. Сот отурумуна жекече айыптоочунун же анын өкүлүнүн жүйөлүү себепсиз келбей калышы берилген арыздан баш тартууну билдирет жана иш боюнча өндүрүштү кыскартууга алып келет.

---

Мурунку берене: [354-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-354)  
Кийинки берене: [356-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-356)
