# 354-берене. Соттук териштирүү башталганга чейин жекече айыптоо иши боюнча судьянын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-354.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 354-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-354

---

1. Эгерде берилген арыз ушул Кодекстин 353-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн талаптарына жооп бербесе, аны берген адамга судья далилдерди берүүнү, мүчүлүштүктөрдү четтетүүнү сунуш кылат жана ал үчүн мөөнөттөрүн белгилейт. Көрсөтмөлөр аткарылбаган учурда судья өзүнүн токтому менен арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат жана бул тууралуу арыз ээсине билдирет. Арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу тууралуу токтом апелляциялык тартипте 5 сутканын ичинде даттанылышы мүмкүн.

2. Жекече айыптоочунун өтүнүчү боюнча судья далилдерди чогултууга көмөк көрсөтүүгө тийиш.

3. Арыз келип түшкөн учурдан баштап 7 суткага чейинки мөөнөттө соттук отурумду баштоо үчүн негиз болгон учурда, судья арыз берилген адамды чакырып, аны иштин материалдары менен тааныштырууга, берилген арыздын көчүрмөсүн тапшырууга жана ушул Кодекстин 47-беренесинде каралган сот отурумундагы айыпталуучунун укугун түшүндүрүүгө жана ошол адамдын пикири боюнча аны коргоочу күбө катары сотко кимди чакыруу керектигин тактоого милдеттүү.

4. Судья тараптарга элдешүү, анын ичинде медиатордун жардамы менен элдешүү мүмкүнчүлүгүн түшүндүрүүгө милдеттүү. Алардан келишүү жөнүндө арыз келип түшкөн учурда иш боюнча өндүрүштү судья Жоруктар жөнүндө кодекстин 39-беренесинин негизинде токтом менен кыскартат.

5. Эгерде тараптардын ортосунда жарашууга жетишилбесе, судья ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүнүн талаптары аткарылгандан кийин ушул Кодекстин 271-беренесинин эрежелери боюнча ишти кароону баштайт.

---

Мурунку берене: [353-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-353)  
Кийинки берене: [355-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-355)
