# 353-берене. Жекече айыптоо иши боюнча өндүрүштүн башталышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-353>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-353.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 353-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-353

---

1. Ушул Кодекстин 23-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жекече айыптоо иши боюнча өндүрүш Жоруктар жөнүндө кодексте каралган башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө адамдын сотко берген арызы боюнча башталат.

2. Арызда берилген соттун аталышы; жоруктун жасалган жерин жана убактысын көрсөтүү менен ошол окуяны баяндоо, далилдер; ишти өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө сотко өтүнүч; жоопкерчиликке тартылуучу адам жөнүндө маалымат; сот чакырууга тийиш болгон күбөлөрдүн тизмеси камтылууга тийиш. Арызга аны берген адам кол коёт.

3. Арыз жекече айыптоо иши боюнча өзүнө карата өндүрүш башталып жаткан адамдардын саны боюнча көчүрмөлөр менен сотко берилет.

4. Сот арызды өз өндүрүшүнө кабыл алган учурдан баштап арыз берген адам жекече айыптоочу болуп саналат жана ага ушул Кодекстин 42-беренесинде каралган укуктар түшүндүрүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [352-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-352)  
Кийинки берене: [354-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-354)
