# 35-берене. Тергөөчүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 35-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-35

---

1. Тергөөчү төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык тергөө амалдарын жүргүзүүгө;

2) жабырлануучуга материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтурууга карата чараларды көрүүгө;

3) болгондор жана ага тиешеси бар адамдар жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, материалдарды суратып алууга;

4) текшерүүлөрдү, инвентаризацияны, экспертизаларды, башка текшерүүчү иш-аракеттерди жүргүзүүнү талап кылууга;

5) сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүү жана алгачкы текшерүү органынан кылмыштын бетин ачуу, жоголгон адамдарды жана буюмдарды табуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалыматтарды алгачкы текшерүү органынан алууга;

6) жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу алгачкы текшерүү органына ал үчүн милдеттүү болгон издөө, тергөө жана атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырмаларды берүүгө;

7) алгачкы текшерүү органына кармоо, алып келүү жөнүндө чечимдерди аткарууну тапшырууга, ошондой эле өзүнүн талабы боюнча алгачкы текшерүү органынан тергөө, атайын тергөө жана башка процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө көмөк алууга;

8) алгачкы текшерүү органына күбөлөргө, жабырлануучуларга жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууну тапшырууга;

9) тиешелүү мамлекеттик жана башка органдардан адистердин жана эксперттердин жардам көрсөтүүлөрүн талап кылууга;

10) зарыл болгон учурда иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн котормочуну тартууга;

11) адамга карата кылмыш жана (же) жорук жасаганына негиздүү шектенүү болгондо, аны кармоого;

12) жазык иши боюнча өндүрүшкө жактоочунун катышуусун камсыз кылууга, ал эми мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга карата жактоочунун дайындалышын талап кылууга;

13) кылмыш жана (же) терс жорук жасады деп шектенүү жөнүндө кабарлоого;

14) жабырлануучу деп таанууга;

15) Жазык кодексинде каралган жазыктык-укуктук таасир этүү чараларын көрүү үчүн юридикалык жакты тартууга жана анын өкүлүнүн жазык иши боюнча өндүрүшкө катышуусуна жол берүүгө;

16) котормочуга, адиске, экспертке карата четтетүүнү чечүүгө;

17) жазык иши боюнча өндүрүшкө байланыштуу өтүнүчтү чечүүгө;

18) компетенциясынын чектеринде даттанууларды чечүүгө;

19) бөгөт коюу чараларын тандоо, өзгөртүү, жокко чыгаруу тууралуу жана жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чараларын колдонуу жөнүндө өтүнүчтөрдү берүүгө;

20) жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү кабыл алуу, токтотуп туруу, кайра жаңылоо, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарууга;

21) прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын аткарууга;

22) шектүүнү жана жабырлануучуну медиатор менен маалыматтык жолугушууга жиберүүгө;

23) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

2. Тергөөчү прокурордун жазык иши боюнча чечими менен макул болбогон учурда өзүнүн каршы пикирин жазуу жүзүндө баяндоо менен жогору турган прокурорго кайрылууга укуктуу. Бул учурда жогору турган прокурор өзүнүн токтому менен төмөн турган прокурордун чечимин жокко чыгарууга же тергөө өндүрүшүн башка тергөөчүгө тапшырууга укуктуу.

3. Тергөөчүнүн жазык иши боюнча токтомун уюмдардын жетекчилери аткарууга милдеттүү. Тергөөчүнүн токтомун аткарбай коюу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-36)
