# 348-берене. Өкүмдү жарыялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-348.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 348-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-348

---

1. Өкүмгө кол коюлгандан кийин сот сот отурумунун залына кайтып келет жана төрагалык кылуучу судья өкүмдү жарыялайт. Сот отурумунун залында катышып отургандардын бардыгы соттун курамын кошо алганда, өкүмдү ордунан туруп угушат.

2. Эгерде өкүм айыпталуучу билбеген тилде баяндалса, өкүмдү жарыялоого удаалаш же синхрондуу түрдө котормочу тарабынан айыпталуучунун эне тилине же ал билген тилге которулушу керек.

3. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучуга жана процесстин башка катышуучуларына өкүмдүн мазмунун, ага даттануу тартибин жана мөөнөттөрүн түшүндүрөт.

4. Эгерде айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратууга соттолсо, ага ырайым кылуу жөнүндө өтүнмө берүү укугу түшүндүрүлөт.

5. Өзгөчө учурларда өзгөчө татаал иштер боюнча өкүмдүн кириш жана резолюциялык бөлүгү жарыя кылынышы мүмкүн. Мындай учурда өкүмдүн толук тексти жарыя кылынган учурдан баштап 3 күндөн кечиктирбестен даярдалууга тийиш.

6. Сот отурумунун залында өкүмдү жарыялоо учурунда карата соттук териштирүүнүн кээ бир катышуучуларынын жоктугу өкүмдү жарыялоого тоскоолдук болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [347-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-347)  
Кийинки берене: [349-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-349)
