348-берене. Өкүмдү жарыялоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 43-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Өкүмгө кол коюлгандан кийин сот сот отурумунун залына кайтып келет жана төрагалык кылуучу судья өкүмдү жарыялайт. Сот отурумунун залында катышып отургандардын бардыгы соттун курамын кошо алганда, өкүмдү ордунан туруп угушат.
2. Эгерде өкүм айыпталуучу билбеген тилде баяндалса, өкүмдү жарыялоого удаалаш же синхрондуу түрдө котормочу тарабынан айыпталуучунун эне тилине же ал билген тилге которулушу керек.
3. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучуга жана процесстин башка катышуучуларына өкүмдүн мазмунун, ага даттануу тартибин жана мөөнөттөрүн түшүндүрөт.
4. Эгерде айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратууга соттолсо, ага ырайым кылуу жөнүндө өтүнмө берүү укугу түшүндүрүлөт.
5. Өзгөчө учурларда өзгөчө татаал иштер боюнча өкүмдүн кириш жана резолюциялык бөлүгү жарыя кылынышы мүмкүн. Мындай учурда өкүмдүн толук тексти жарыя кылынган учурдан баштап 3 күндөн кечиктирбестен даярдалууга тийиш.
6. Сот отурумунун залында өкүмдү жарыялоо учурунда карата соттук териштирүүнүн кээ бир катышуучуларынын жоктугу өкүмдү жарыялоого тоскоолдук болуп саналбайт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
348-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-348" title="348-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>