# 344-берене. Айыптоо өкүмүнүн корутунду бөлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-344>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-344.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 344-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-344

---

1. Айыптоо өкүмүнүн корутунду бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) айыпталуучунун фамилиясы, ысымы жана атасынын ысымы;

2) айыпталуучу кылмышты жана (же) жорукту жасоого күнөөлүү деп табылгандыгы тууралуу чечим;

3) Жазык кодексинин жана (же) Жоруктар жөнүндөгү кодекстин айыпталуучу күнөөлүү деп таанылган беренеси, бөлүгү, пункту;

4) айыпталуучу күнөөлүү деп таанылган ар бир кылмыш же болбосо жорук үчүн айыпталуучуга дайындалган жазанын өлчөмү жана түрү;

5) Жазык кодексинин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин беренелеринин негизинде өтөлүүгө тийиш акыркы жаза чарасы;

6) пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотууда пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн узактыгы, ошондой эле соттолгон адамга жүктөлүүчү контролдук талаптар жана пробациялык милдеттер, анын ичинде пробация органына келип туруу милдети;

7) атайын, аскердик, ардактуу наамынан же класстын чининен ажыратуу, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу чечим;

8) эгерде айыпталуучу өкүм чыкканга чейин кармалган болсо же ага карата камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган болсо, же ал психиатриялык мекемеде жайгаштырылган болсо, камакта кармоо убактысын эсепке алуу тууралуу чечим;

9) өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы тууралуу чечим.

10) конфискациялоодо келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө чечим;

11) материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтуруу жөнүндө чечим;

12) өлкөдөн чыгарып жиберүү жөнүндө чечим.

2. Эгерде айыпталуучу Жазык кодексинин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин бир нече беренеси боюнча айыпталып жатса, өкүмдүн корутунду бөлүгүндө айыпталуучу алардын кайсынысы боюнча акталгандыгы жана соттолгондугу так көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Айыпталуучу жаза өтөөдөн бошотулган учурда же жаза дайындабастан өкүм чыгарылган учурда бул тууралуу өкүмдүн корутунду бөлүгүндө көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [343-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-343)  
Кийинки берене: [345-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-345)
