# 343-берене. Айыптоо өкүмүнүн сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 343-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-343

---

1. Айыптоо өкүмүнүн сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгүндө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) жосун жасалган жерди, убакытты, ыкманы, күнөөнүн формаларын, кылмыштын же болбосо жоруктун жүйөлөрүн, максаттарын жана кесепеттерин көрсөтүү менен, далилденди деп сот тарабынан таанылган жосундун сыпатталышы;

2) айыпталуучуга карата соттун тыянактарына негиз болгон далилдер жана соттун башка далилдерди четке кагуусуна түрткү берген жүйөлөр;

3) жоопкерчиликти жумшартуучу жана катаалдантуучу жагдайлар, ал эми айыптоонун бөлүгү негиздүү эмес деп таанылган учурда же кылмыштын же болбосо жоруктун квалификациясы туура эмес белгиленген учурда - айыптоонун өзгөрүшүнүн негиздери жана жүйөлөрү;

4) конфискацияланууга тийиш болгон мүлк кылмышты же болбосо жорукту жасоонун натыйжасында алынганы же ошол мүлктөн алынган киреше болуп саналары же болбосо кылмыштын куралы катарында каржылоо үчүн пайдаланылганы же арналганы жөнүндө соттун тыянактарына негиз болгон далилдер.

2. Сот жазаны дайындоого, андан же аны реалдуу өтөөдөн бошотууга, таасир кылуунун башка чараларын колдонууга тиешелүү бардык маселелерди чечүүнүн жүйөлөрүн да келтирүүгө милдеттүү.

3. Сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгүндө ушул Кодекстин 336-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер боюнча кабыл алынган чечимдердин негиздемеси камтылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [342-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-342)  
Кийинки берене: [344-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-344)
