# 342-берене. Өкүмдүн киришме бөлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-342.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 342-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-342

---

Өкүмдүн киришме бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын атынан өкүм чыгарылгандыгы;

2) өкүм чыгарылган убакыт жана жер;

3) өкүмдү чыгарган соттун аталышы, сот отурумунда төрагалык кылуучу судьянын, сот отурумунун катчысынын, айыптоочунун, коргоочунун, жабырлануучунун, мыйзамдуу өкүлдүн фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы;

4) айыпталуучунун фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, анын туулган жылы, айы, күнү жана жери, жашаган жери, иштеген жери, жумушу, билими, үй-бүлөлүк абалы жана иш үчүн мааниси бар, айыпталуучунун инсандыгы тууралуу башка маалыматтар;

5) Жазык кодексинин же Жоруктар жөнүндө кодекстин айыпталуучу айыпталып жаткан кылмыш үчүн жоопкерчиликти же жорук үчүн жоопкерчиликти караган беренеси, бөлүгү, пункту.

---

Мурунку берене: [341-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-341)  
Кийинки берене: [343-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-343)
