# 341-берене. Өкүмдү түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 341-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-341

---

1. Ушул Кодекстин 336-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер чечилгенден кийин, судья өкүмдү түзүүгө киришет. Өкүм соттук териштирүү жүргүзүлгөн тилде жазылат жана киришме, сыпаттама-жүйөлөмө жана корутунду бөлүктөрдөн турат.

2. Өкүмдү судья кол менен жазууга же техникалык каражаттардын жардамы менен даярдоого жана кол коюуга тийиш. Өкүмгө төрагалык кылуучу судья, соттун бардык курамы, анын ичинде өзгөчө пикирде калган судьялар да кол коюшат.

3. Өкүмгө оңдоолорду киргизүүдө алар өкүм жарыя кылынганга чейин эскертилүүгө жана судьянын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [340-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-340)  
Кийинки берене: [342-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-342)
