# 340-берене. Актоо өкүмүн чыгаруунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-340>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-340.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 340-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-340

---

1. Актоо өкүмү төмөнкү учурларда чыгарылат, эгерде:

1) кылмыш же болбосо жорук окуясы жок болсо;

2) айыпталуучунун жосунунда кылмыштын же жоруктун курамы жок болсо;

3) жазык мыйзамына ылайык зыян келтирген жосун укук ченемдүү болсо (зарыл коргонуу, жалган коргонуу, аргасыз зарылдык, күч колдонуп же психикалык мажбурлоо, кылмыш же болбосо жорук жасаган адамды кармоодо залал келтирүү, буйрукту же башка тескемени, ошондой эле кызмат ордуна жараша милдеттерди аткаруу, негиздүү тобокелдик, уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу уюмдун курамында атайын тапшырманы аткаруу);

4) айыпталуучуга карата сот арачыларынын коллегиясы тарабынан актоо вердикти чыгарылса.

2. Саналган негиздердин кайсынысы боюнча болбосун актоо айыпталуучунун күнөөсү жоктугун таанууну билдирет жана анын толук акталышына алып келет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча актоо өкүмүн чыгарганда, эгерде кылмыш жасаган адам аныктала элек болсо, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, сот кылмыш же жорук жасаган адамды аныктоо боюнча чараларды көрүү үчүн ишти прокурорго жөнөтөт.

---

Мурунку берене: [339-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-339)  
Кийинки берене: [341-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-341)
