# 339-берене. Айыптоо өкүмүн чыгаруунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-339>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-339.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 339-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-339

---

1. Айыптоо өкүмү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучунун кылмышты же болбосо жорукту жасоого күнөөлүүлүгү иликтенген далилдердин жыйындысы менен ырасталган шартта гана чыгарылат жана божомолдорго негизделиши мүмкүн эмес.

2. Соттолуучу өтөөгө тийиш болгон жазаны дайындоо менен айыптоо өкүмүн чыгарып жатып, сот анын түрүн, өлчөмүн жана жаза өтөө мөөнөтүн эсептөөнүн башталышын так аныктоого тийиш.

3. Сот жазаны дайындаган жана аны өтөөдөн бошоткон айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде өкүм чыгарылган учурга карата төмөнкүлөр орун алса:

1) соттолуучуга ушул өкүмдө дайындалган жазаны колдонуудан бошотуу боюнча мунапыс актысы чыгарылган болсо;

2) ушул иш боюнча айыпталуучунун камакта болуу убактысы Жазык кодексинин 81-беренесинде белгиленген камакта кармоо убактысын эсептөө эрежелерин эсепке алуу менен, үй камагында болуу убактысы сот дайындаган жазанын мөөнөтүнө кошулат;

3) Жазык кодексинин 83-беренесинде каралган пробацияны колдонуу үчүн негиздер аныкталса.

4. Сот жазаны дайындабастан айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде айыптоо өкүмү чыгарылган учурга карай төмөнкүлөр орун алса:

1) адам жаза өтөөгө жолтоо боло турган оор дарт менен ооруп калган болсо;

2) адамды ошол кылмышы үчүн жазык жоопкерчилигине же болбосо жоругу үчүн жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе.

---

Мурунку берене: [338-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-338)  
Кийинки берене: [340-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-340)
