Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
339-берене. Айыптоо өкүмүн чыгаруунун негиздери
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 43-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Айыптоо өкүмү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучунун кылмышты же болбосо жорукту жасоого күнөөлүүлүгү иликтенген далилдердин жыйындысы менен ырасталган шартта гана чыгарылат жана божомолдорго негизделиши мүмкүн эмес.
2. Соттолуучу өтөөгө тийиш болгон жазаны дайындоо менен айыптоо өкүмүн чыгарып жатып, сот анын түрүн, өлчөмүн жана жаза өтөө мөөнөтүн эсептөөнүн башталышын так аныктоого тийиш.
3. Сот жазаны дайындаган жана аны өтөөдөн бошоткон айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде өкүм чыгарылган учурга карата төмөнкүлөр орун алса:
1) соттолуучуга ушул өкүмдө дайындалган жазаны колдонуудан бошотуу боюнча мунапыс актысы чыгарылган болсо;
2) ушул иш боюнча айыпталуучунун камакта болуу убактысы Жазык кодексинин 81-беренесинде белгиленген камакта кармоо убактысын эсептөө эрежелерин эсепке алуу менен, үй камагында болуу убактысы сот дайындаган жазанын мөөнөтүнө кошулат;
3) Жазык кодексинин 83-беренесинде каралган пробацияны колдонуу үчүн негиздер аныкталса.
4. Сот жазаны дайындабастан айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде айыптоо өкүмү чыгарылган учурга карай төмөнкүлөр орун алса:
1) адам жаза өтөөгө жолтоо боло турган оор дарт менен ооруп калган болсо;
2) адамды ошол кылмышы үчүн жазык жоопкерчилигине же болбосо жоругу үчүн жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-339" title="339-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>