# 330-берене. Тараптардын жарыш сөздөрүнүн мазмуну жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 330-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-330

---

1. Соттук иликтөө аяктагандан кийин, сот тараптардын жарыш сөздөрүнө өтөт, ал мамлекеттик айыптоочунун, жабырлануучунун же анын өкүлүнүн, айыпталуучунун жана коргоочунун сөздөрүнөн турат. Соттук жарыш сөздөрдүн катышуучуларынын чыгып сүйлөөлөрүнүн ырааттуулугу алардын сунуштары боюнча сот тарабынан белгиленет, бирок бардык учурларда мамлекеттик же жекече айыптоочу биринчи болуп чыгып сүйлөйт, ал соттук териштирүүнүн натыйжаларына таянуу менен, айыпталуучунун күнөөлүүлүгү, жасаганынын квалификациясы жөнүндө тыянакты негиздөөгө жана дайындала турган жаза жөнүндө өз пикирин баяндоого тийиш, же айыптоодон баш тартууга укуктуу.

2. Тараптардын жарыш сөздөрүндө тараптар сот отурумунда иликтенбеген далилдерге шилтеме жасоого укуксуз. Зарыл болсо сотко жаңы далилдерди көрсөтүп, соттук териштирүүнү кайра кароо жөнүндө өтүнүч бере алат.

3. Сот тараптардын жарыш сөздөрүнүн узактыгын белгилүү бир убакыт менен чектөөгө укуксуз, бирок, эгерде алар каралып жаткан иштин жагдайларына тиешелүү болбосо, төрагалык кылуучу судья жарыш сөздөргө катышуучу жактарды сөзүн токтотууга укуктуу.

4. Тараптардын жарыш сөздөрүнүн бардык катышуучулары сүйлөп бүткөндөн кийин, алардын ар бири тараптардын өкүлдөрүнүн сөздөрүндө айталгандарга карата сын-пикирлери (репликалары) менен дагы бир жолудан чыгып сүйлөй алат. Акыркы реплика берүү укугу айыпталуучуга же анын коргоочусуна таандык.

5. Тараптардын жарыш сөздөрүнүн ар бир катышуучусу сотко жазуу жүзүндө ушул Кодекстин 336-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча өзү сунуштаган чечимдин туюнтмасын бере алат. Сунушталган туюнтма сот үчүн милдеттүү күчкө ээ эмес.

---

Мурунку берене: [329-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-329)  
Кийинки берене: [331-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-331)
