# 329-берене. Далилдерди соттук иликтөөнүн аякташы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-329>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-329.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 329-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-329

---

1. Бардык далилдерди иликтөө аяктаганда, төрагалык кылуучу судья тараптардан соттук териштирүүнү толуктоону каалагандыгын жана эмне менен толуктай тургандыгын сурайт. Соттук териштирүүнү толуктоо жөнүндө өтүнүчтөр билдирилген учурда, сот бул өтүнүчтөрдү талкуулайт жана чечет.

2. Төрагалык кылуучу судья сот отурумунда пробациялык баяндаманы жарыя кылат.

3. Өтүнүчтөр чечилгенден жана зарыл соттук аракеттер аткарылгандан кийин, төрагалык кылуучу судья соттук иликтөөнү аяктады деп жарыялайт.

---

Мурунку берене: [328-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-328)  
Кийинки берене: [330-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-330)
