# 328-берене. Күбөлөндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 328-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-328

---

1. Сот отурумунда күбөлөндүрүү ушул Кодекстин 168-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, судьянын токтому же соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.

2. Денени жылаңачтоо менен коштолуучу күбөлөндүрүү өзүнчө бөлмөдө врач же башка адис тарабынан жүргүзүлөт, күбөлөндүрүү бүткөндөн кийин ал күбөлөндүрүү актысын түзөт жана ага кол коет. Андан кийин көрсөтүлгөн адамдар сот отурумунун залына кайтып келип, бул жерде алар тараптардын жана күбөлөндүрүлгөн адамдын катышуусунда сотко, эгерде бар болсо, күбөлөндүрүлгөндүн денесиндеги тактар же белгилер жөнүндө кабарлайт, тараптардын жана төрагалык кылуучу судьянын суроолоруна жооп берет. Күбөлөндүрүү актысы сот отурумунун протоколуна тиркелет.

---

Мурунку берене: [327-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-327)  
Кийинки берене: [329-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-329)
