# 324-берене. Тергөө аракеттеринин протоколдорун жана документтерди жарыя кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 324-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-324

---

1. Карап чыгууда, күбөлөндүрүүдө, алып коюуда, тинтүүдө, мүлккө камак салууда, кармоодо, таануу үчүн көрсөтүүдө, тергөө экспериментинде аныкталган жагдайлар менен фактыларды ырастоочу тергөө аракеттеринин протоколу, атайын тергөө аракеттеринин протоколдору, ошондой эле, эгерде иш үчүн мааниси бар жагдайлар баяндалса же күбөлөндүрүлсө, ишке тиркелген же сот отурумунда көрсөтүлгөн документтер толук же жарым-жартылай жарыя кылынууга жатат.

2. Сот отурумунда тараптар көрсөткөн же сот тарабынан суратылып алынган документтер соттун токтомунун же соттун аныктамасынын негизинде иликтениши жана жазык ишинин материалдарына тиркелиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [323-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-323)  
Кийинки берене: [325-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-325)
