# 321-берене. Сотто экспертиза жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 321-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-321

---

1. Тараптардын өтүнүчү боюнча же өзүнүн демилгеси менен сот экспертиза дайындай алат.

2. Сотто экспертиза ушул Кодекстин 24-главасында баяндалган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

3. Төрагалык кылуучу судья экспертизаны дайындоо жөнүндө чыгарылган токтомду угузуп, экспертти четтетүү, тарап көрсөткөн адамды эксперттердин санына кошумча киргизүү, башка эксперттик уюмдардын өкүлдөрү тарабынан экспертиза жүргүзүү, тараптардын катышуусунда экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кылуу укугун тараптарга түшүндүрөт.

4. Сот отурумунда эксперт суракка алынып жаткан адамдарга суроо берүүгө, жазуу жүзүндөгү далилдөөлөр, тергөө аракеттеринин протоколдору, башка эксперттердин корутундулары менен таанышууга, экспертиза предметине тиешелүү кароолорго, эксперименттерге жана башка соттук аракеттерге катышууга укуктуу.

5. Салыштырып изилдөө үчүн экспертке үлгүлөрдү берүү зарыл болгондо, ушул Кодекстин 184, 185-беренелеринин эрежелери колдонулат.

6. Корутунду берүү үчүн мааниси бар бардык жагдайлар ачылган соң, төрагалык кылуучу судья тараптарга жазуу жүзүндө экспертке суроо берүүнү сунуштайт. Коюлган суроолор жарыя кылынууга жана алар боюнча соттук териштирүүнүн катышуучуларынын пикирлери угулууга тийиш. Сот бул суроолорду карап чыгат жана өзүнүн токтому менен алардын ичинен ишке же эксперттин компетенциясына тиешеси жокторун четтетет, ошондой эле жаңы суроолорду туюнтмалайт, ошондон кийин эксперт экспертиза жүргүзүүгө жана корутунду түзүүгө киришет.

7. Корутунду эксперт тарабынан жазуу жүзүндө берилет, ал тарабынан сот отурумунда жарыя кылынат жана суроолор менен кошо ишке тиркелет. Эксперт өзүнүн корутундусуна суроолор берилбеген, иштин анын компетенциясына тиешеси бар жагдайлары боюнча тыянактарды киргизүүгө укуктуу.

8. Эгерде сотко чейинки өндүрүштө корутунду берген эксперт сотко чакырылган болсо, сот корутундуну жарыя кылгандан кийин, эгерде ал тараптардын каршы пикирин жаратпаса, экспертизаны дайындабай кой алат жана экспертти суракка алуу менен чектеле алат.

9. Сот тараптардын өтүнүчү же өзүнүн демилгеси боюнча, ушул Кодекстин 182-беренесине ылайык, кайталап же кошумча экспертизаны дайындайт.

---

Мурунку берене: [320-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-320)  
Кийинки берене: [322-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-322)
