# 320-берене. Жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрүн угузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-320>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-320.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 320-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-320

---

1. Жабырлануучунун жана күбөнүн сотко чейинки өндүрүштө берген көрсөтмөлөрүн сотто жарыя кылууга, ошондой эле алардын көрсөтмөлөрүнүн үн жазууларын, суракка алуунун видеожазууларын угузуп-көрсөтүүгө, эгерде алардын көрсөтмөлөрү ушул Кодекстин 26-главасына ылайык депонирленген болсо, алардын сотко келүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу себептер боюнча жабырлануучу же күбө сот отурумунда жок кезде берилген тараптардын өтүнүчү боюнча жол берилет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эрежелер ошондой эле жабырлануучунун жана күбөнүн сотто мурда берген көрсөтмөлөрүн жарыя кылуу учурларына жайылтылат.

3. Сот отурумунда ошондой эле ушул Кодекстин 313-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык сот тарабынан суракка алынган жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрү жарыя кылынышы мүмкүн.

4. Жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн үн жазууларын, аларды суракка алуунун видеожазууларын кайталап көрсөтүү тараптардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [319-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-319)  
Кийинки берене: [321-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-321)
