# 319-берене. Жашы жетпеген жабырлануучуну жана күбөнү суракка алуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 319-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-319

---

1. Он төрт жашка чейинки курактагы жабырлануучуну жана күбөнү суракка алууда ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү, алар болбогон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакырылат. 14 жашка чейинки курактагы жашы жетпеген күбөнү же жабырлануучуну суракка алууда ошондой эле психолог же педагог чакырылат.

Көрсөтүлгөн адамдар төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен жабырлануучуга жана күбөгө суроо берет.

2. 16 жаш куракка жете элек жабырлануучуну жана күбөнү суракка алуу алдында төрагалык кылуучу аларга толук жана туура көрсөтмөлөрдү берүүнүн иш үчүн маанисин түшүндүрөт. Көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө бул адамдарга алдын ала эскертилбейт жана алардын колу койдурулуп алынбайт.

3. Тараптардын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси боюнча жашы жете элек жабырлануучуну жана күбөнү суракка алуу айыпталуучу жок кезде жүргүзүлүшү мүмкүн, бул жөнүндө сот токтом чыгарат. Айыпталуучу сот отурумунун залына кайтып келгенден кийин, ага ушул адамдардын көрсөтмөлөрү жарыя кылынууга жана аларга суроо берүүгө мүмкүндүк берилүүгө тийиш.

4. 16 жаш куракка жете элек жабырлануучу жана күбө аларды суракка алуу бүткөндөн кийин, эгерде сот алардын мындан ары катышуусун зарыл деп таппаса, сот отурумунун залынан чыгарылат.

---

Мурунку берене: [318-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-318)  
Кийинки берене: [320-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-320)
