# 318-берене. Күбөлөрдү суракка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-318>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-318.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 318-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-318

---

1. Күбөлөр өз-өзүнчө жана сурала элек күбөлөрдүн катышуусуз суракка алынат.

2. Төрагалык кылуучу судья суракка алуудан мурда күбөнүн инсандыгын аныктайт, анын айыпталуучуга жана жабырлануучуга мамилесин тактайт, анын иш боюнча чыныгы көрсөтмөлөрдү берүү, ошондой эле көрсөтмө берүүдөн баш тартуу жана билип туруп жалган көрсөтмө берүү жоопкерчилигин түшүндүрөт. Мыйзам боюнча көрсөтмө берүү милдетинен бошотулган адамдарга, билип туруп жалган көрсөтмө берүү жоопкерчилиги түшүндүрүлөт. Анын милдеттери жана жоопкерчилиги түшүндүрүлгөндүгү тууралуу кол кол койдурулуп алынат, ал сот отурумунун протоколуна тиркелет.

3. Күбөнү мамлекеттик айыптоочу, жабырлануучу жана анын өкүлү, айыпталуучу жана анын коргоочусу суракка алат. Биринчи болуп суроолорду өтүнүчү боюнча сот отурумуна күбө чакырылган тарап берет.

4. Төрагалык кылуучу судья жазык ишине тиешеси жок суроолорду четке кагат, күбөнүн тараптар сурагандан кийинки көрсөтмөлөрүн тактайт. Андан кийин төрагалык кылуучу судья күбөгө суроо бере алат.

5. Суралган күбөлөр сот отурумунун залынан соттук териштирүү аяктаганга чейин төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен кете алышат, судья мында тараптардын пикирин эске алат.

6. Күбөнүн, анын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгондо, сот күбөнүн инсандыгы жөнүндө так маалыматтарды угузбастан, аны соттук териштирүүнүн башка катышуучулары көрбөй турган шартта суракка алууга укуктуу, бул жөнүндө токтом же аныктама чыгарат.

7. Көрсөтмө берип жаткан адам жөнүндө анык маалыматтарды ачуу тууралуу негизделген өтүнүч тараптар тарабынан билдирилген учурда, айыпталуучуну коргоо же жазык ишин кароо үчүн маанилүү жагдайларды аныктоо зарылдыгына байланыштуу сот тараптарга көрсөтүлгөн маалыматтар менен таанышуу мүмкүндүгүн берүүгө укуктуу.

8. Күбөлөр жазуу жүзүндөгү белгилемелерин колдоно алат. Бул жазуу жүзүндөгү белгилемелер соттун талабы боюнча ага берилиши керек.

9. Күбөлөрдү суракка алуу видео байланыш (аралыктан суракка алуу) режиминде техникалык каражаттарды пайдалануу менен ушул Кодекстин 194-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [317-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-317)  
Кийинки берене: [319-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-319)
