# 317-берене. Жабырлануучуну суракка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-317.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 317-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-317

---

1. Жабырлануучу ушул Кодекстин 318-беренесинин 2-8-бөлүктөрүндө каралган эрежелер боюнча суракка алынат.

2. Жабырлануучу төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен соттук териштирүүнүн кайсы гана болбосун учурунда көрсөтмө бере алат.

3. Жабырлануучуну суракка алуу техникалык каражаттарды колдонуу менен видеобайланыш режиминде (аралыктан суракка алуу) ушул Кодекстин 194-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [316-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-316)  
Кийинки берене: [318-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-318)
