# 316-берене. Айыпталуучуну суракка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 316-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-316

---

1. Айыпталуучуну суракка алуудан мурда, төрагалык кылуучу судья көрсөтүлгөн айыптоо жана иштин башка жагдайлары боюнча анын көрсөтмө берсе боло турган же бербей турган укугун жана ал тарабынан айтылган сөздөрдүн бардыгы ага каршы колдонуларын түшүндүрөт. Айыпталуучу биринчилерден болуп көрсөтмө берүүгө макулдугун берсе, аны коргоочу жана жактоочунун тарабындагы процесстин катышуучулары, андан кийин мамлекеттик айыптоочу жана айыптоочу тарабындагы процесстин катышуучуларын суракка алат. Төрагалык кылуучу судья багыттоочу суроолорду жана жазык ишине тиешеси жок суроолорду четке кагат.

2. Айыпталуучу белгилеп жазгандарын колдонууга укуктуу, алар соттун талабы боюнча ага берилет.

3. Сот айыпталуучуга суроолорду, аны тараптар суракка алып бүткөндөн кийин берет, бирок аны суракка алып жатканда, тактоочу суроолор кайсы гана учурда болбосун берилип турушу мүмкүн.

4. Эгерде айыпталуучу өзүн толук күнөөлүүмүн деп мойнуна алса жана угузулган айыптоо боюнча эркин баяндоо формасында көрсөтмө бергиси келсе, анын көрсөтмөлөрү ишке тиешеси жок болгон учурларды кошпогондо, сот анын сөзүн бөлбөй угат.

5. Айыпталуучуну соттун демилгеси же тараптардын өтүнүчү боюнча башка айыпталуучу катышпаган учурда суракка алууга жол берилет, бул жөнүндө сот токтом чыгарат. Бул учурда айыпталуучунун сот отурумунун залына кайра келгенден кийин, төрагалык кылуучу судья ал жок кезде берилген көрсөтмөлөрдүн мазмуну жөнүндө билдирет жана жок кезде суракка алынган айыпталуучуга суроо берүү мүмкүндүгүн берет.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [315-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-315)  
Кийинки берене: [317-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-317)
