# 313-берене. Ишке катышып жаткандардын арасынан кандайдыр бир адам келбей калганда ишти териштирүү мүмкүндүгү жөнүндө маселени чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 313-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-313

---

1. Сот процессинин катышуучуларынын кайсы бири же буга тете эле күбө, эксперт же адис келбей калганда, сот тараптардын териштирүү мүмкүндүгү жөнүндө оюн угат жана соттук териштирүүнү улантуу же кийинкиге жылдыруу, ошондой эле келбей калган катышуучуну чакыруу же алдырып келүү жөнүндө токтомун же аныктамасын чыгарат.

2. Ишти териштирүүнү кийинкиге жылдыруу маселеси чечилгенге чейин, сот келген күбөлөрдү, экспертти же адисти, жабырлануучуну жана анын өкүлдөрүн сурай алат, андан кийин ишти териштирүүнү кийинкиге жылдыруу жөнүндө токтом чыгара алат. Эгерде иш мындан кийин да ушул эле сот тарабынан карала турган болсо, суралган адамдарды сот отурумуна кайра чакыруу зарыл гана учурларда жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [312-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-312)  
Кийинки берене: [314-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-314)
