# 31-берене. Тергөө судьясынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 31-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-31

---

1. Тергөө судьясы сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу:

1) кылмыш жана (же) жорук жасаганга шектүү адамды кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө;

2) бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө;

3) бөгөт коюу чараларынын мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө;

4) тиешелүү экспертизаларды жүргүзүү үчүн камакта турбаган шектүүнү медициналык же психиатриялык стационарга жайгаштыруу жөнүндө;

5) жеке жана юридикалык жактардын эсептерде жана аманаттарда же банктарда жана кредиттик уюмдарда сактоодо турган акчалай каражаттарын кошуп алганда, мүлкүнө, баалуу кагаздарына жана алардын сертификаттарына камак салуу же камактан чыгаруу жөнүндө;

6) шектүүнү убактылуу кызмат ордунан четтетүү жөнүндө;

7) каза болгон адамдын жакын туугандарынын, жубайынын макулдугу болбогондо, эксгумация жүргүзүү жөнүндө;

8) алардын макулдугу болбогондо, менчикте турган турак жайды, ошондой эле анда жашап турган адамдардын башка укуктарындагы башка объекттерди кароону жүргүзүү жөнүндө;

9) алып коюуну жана (же) тинтүүнү жүргүзүү жөнүндө;

10) ушул Кодекстин 100-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, жеке тинтүүнү жүргүзүү жөнүндө;

11) ушул Кодексте каралган атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө.

2. Соттук көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун чектеринде тергөө судьясы жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине даттанууларды карайт.

3. Ушул Кодексте каралган учурларда, тергөө судьясы:

1) сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жүйөлүү себептер боюнча соттук териштирүүгө келүүсү мүмкүн болбогон адамдардын же болбосо ишти маңыз боюнча соттук отурумда кароодогу суракта аларга психикасын жабырландыруучу таасирди болтурбоо максатында алардын көрсөтмөлөрүн депонирлейт;

2) эгерде шектүү ушул Кодекстин 114-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган бузуулардын бирине жол берген учурларда, күрөөнү мамлекеттин пайдасына алуу тууралуу маселени чечет;

3) күбөлөргө, жабырлануучуларга жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алат;

4) кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашууну бекитет.

4. Тергөө судьясы ушул Кодекске ылайык ишти маңызы боюнча чечүүдө соттук кароонун предмети болушу мүмкүн болгон маселелерди алдын ала чечпөөгө, тергөөгө жана тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүгө жиберүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү бербөөгө, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу жана көзөмөлгө алуучу прокурордун ордуна иш-аракеттерди жасабоого жана чечимдерди кабыл албоого тийиш.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-32)
