# 306-берене. Айыпталуучунун инсандыгын белгилөө жана ага айыптоо актысынын көчүрмөсүн өз убагында тапшыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 306-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-306

---

1. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучунун инсандыгын белгилейт, анын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын, жашын, туулган жылын, айын, күнүн жана жерин, сот иши жүргүзүлүп жаткан тилди билерин, айыпталуучунун жашаган жерин, иштеген жерин, алектенген ишинин түрүн, билимин, үй-бүлөлүк абалын жана анын инсандыгына тийиштүү башка маалыматтарды тактайт.

2. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучуга айыптоо актысынын көчүрмөсү тапшырылгандыгын жана качан тапшырылгандыгын тактайт.

3. Жазык ишин ушул Кодекстин 286-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте кароодо, төрагалык кылуучу судья айыпталуучунун коргоочусуна айыптоо актысы тапшырылгандыгын жана качан тапшырылгандыгын тактайт. Мында жазык ишинин соттук териштирүүсү коргоочуга айыптоо актысынын көчүрмөсү тапшырылган күндөн баштап 3 суткадан эрте башталбайт.

---

Мурунку берене: [305-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-305)  
Кийинки берене: [307-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-307)
