306-берене. Айыпталуучунун инсандыгын белгилөө жана ага айыптоо актысынын көчүрмөсүн өз убагында тапшыруу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 41-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучунун инсандыгын белгилейт, анын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын, жашын, туулган жылын, айын, күнүн жана жерин, сот иши жүргүзүлүп жаткан тилди билерин, айыпталуучунун жашаган жерин, иштеген жерин, алектенген ишинин түрүн, билимин, үй-бүлөлүк абалын жана анын инсандыгына тийиштүү башка маалыматтарды тактайт.
2. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучуга айыптоо актысынын көчүрмөсү тапшырылгандыгын жана качан тапшырылгандыгын тактайт.
3. Жазык ишин ушул Кодекстин 286-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте кароодо, төрагалык кылуучу судья айыпталуучунун коргоочусуна айыптоо актысы тапшырылгандыгын жана качан тапшырылгандыгын тактайт. Мында жазык ишинин соттук териштирүүсү коргоочуга айыптоо актысынын көчүрмөсү тапшырылган күндөн баштап 3 суткадан эрте башталбайт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
306-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-306" title="306-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>