Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
300-берене. Аудио- жана (же) видео жазма (аудио-, видео протоколу) каражаттары менен соттук териштирүүлөрдү жазып алуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот отурумунун жүрүшүн жазып алуу аудио- жана (же) видео жазма каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашырылат. Сот отурумун аудио- же видео жазып алма каражаттары менен жазып алууну сот отурумунун катчысы ишке ашырат.
Сот отурумун аудио- жана (же) видео жазып алма каражаттарынын жардамы менен жазып алуучу жабдуу техникалык жактан бузук учурларда, ал болбогондо же техникалык себептер менен колдонуу мүмкүн болбогондо жүзөгө ашырылбайт. Аудио- жана (же) видео жазуу каражаттарын пайдалануунун мүмкүн эместиги сот отурумун улантууну жокко чыгарбайт. Аудио- жана (же) видео жазылма каражаттарын пайдалануу мүмкүн болбой калган учурда, сот отурумунун катчысы аудио- жана (же) видео жазууларды пайдалануу мүмкүн эместигинин себептерин сот отурумунун протоколуна түшүрүү менен милдеттүү түрдө бул тууралуу сотко маалымдайт.
2. Аудио-, видео жазма каражаттарын пайдалануу менен ишти териштирүүнү жазып алуу учурунда сот отурумунун катчысы жазуу жүзүндө кыскача протокол түзөт.
3. Сот отурумунун кыскача протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) сот отурумунун жылы, айы, күнү жана орду;
2) сот отуруму башталган жана бүткөн убакыт;
3) ишти караган соттун аталышы жана курамы, судьялардан, сот отурумунун катчысынын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы;
4) иштин аталышы;
5) айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалыматтар;
6) сот тарабынан аудио-, видео жазма каражаттарын колдонуу жөнүндө маалымат;
7) аудио-, видео жазуу камтылган файлдын аталышы;
8) котормочунун, айыптоочунун, коргоочунун, айыпталуучунун, ошондой эле жабырлануучунун, сот чакырган башка адамдардын келгендиги жөнүндө маалымат;
9) ишке катышуучу жактар тарабынан далил катары берилген кошумча материалдардын ишке тиркелгендиги жөнүндө маалымат;
10) акыркы формадагы протокол түзүлгөн дата.
4. Сот отурумунун кыскача протоколу төрагалык кылуучу жана катчы тарабынан кол коюлат. Аудио-видео жазмалар жазылган материалдык камтымалал жана сот отурумунун кыскача протоколу иштин материалдарына тиркелет.
5. Ишке катышуучу жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн өтүнүчтөрү боюнча сот тарабынан аудио-, видео жазмалардын же сот отурумунун протоколунун көчүрмөсү берилет. Иш жабык сот отурумунда каралган учурда, ишке катышуучу адамдарга аудио-, видео жазмалар жана сот отурумунун протоколу берилбейт, аларга аудио-, видео жазмалар жана сот отурумунун протоколу менен сотто таанышуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
6. Сот отурумунун аудио-, видео жазмалары сот териштирүүсүнүн жүрүшүн так жазып көрсөтүү үчүн сот өндүрүшүнүн максаттарында гана, ошондой эле жазыктык сот өндүрүшүндөгү, жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштөгү чыныгы маалыматтарды белгилөө максатында колдонулат.
7. Сот отурумунун жүрүшүн жазып алууну камсыз кылуучу аудио-, видео жазуу каражаттарын техникалык колдонуунун, аудио-, видео жазмаларды сактоонун жана жок кылуунун тартиби, ошондой эле аудио-, видео жазмаларды алуунун тартиби ушул Кодекстеги талаптарды эске алуу менен, соттордун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-300" title="300-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>