# 30-берене. Соттун ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 30-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-30

---

1. Сот төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) адамды күнөөсүз деп таанууга;

2) адамды кылмыш жана (же) жорук жасаганга күнөөлүү деп таанууга жана ага жаза дайындоого же пробациялык көзөмөлгө алууну колдонууга;

3) жазыктык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларын (коопсуздук чараларын) колдонууга;

4) жорукту Жазык кодексинин ченемдери боюнча квалификациялоого жана жазык сот өндүрүшү айыпталуучунун күнөөлүүлүгү жөнүндө вердикт чыгарган сот арачыларынын катышуусу менен жүзөгө ашырылган учурларда айыпталуучунун жазасын дайындоого;

5) адамга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын жана (же) мажбурлоочу дарылоону колдонууга;

6) адамга карата жашы жетелектерге карата колдонулуучу тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууга;

7) юридикалык жактарга карата жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чараларын колдонууга;

8) адамга карата жоруктар жөнүндө иштер боюнча жаза болуп саналбаган жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чараларын колдонууга;

9) төмөн турган сот тарабынан кабыл алынган чечимди жокко чыгарууга же өзгөртүүгө;

10) жоруктар жөнүндө иштер жана жазык иштери боюнча шектүүнү, айыпталуучуну жана жабырлануучуну медиатор менен маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө;

11) ушул Кодексте каралган башка чечимдерди кабыл алууга.

2. Сотко чейинки өндүрүштө адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына соттук көзөмөлдөөнү тергөө судьясы жүзөгө ашырат.

3. Сот ишти жаңы жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого укуктуу.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-31)
