# 299-берене. Сот отурумунун протоколуна сын-пикирлер жана аларды карап чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 299-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-299

---

1. Сот отурумунун протоколу менен таанышкандан кийин 3 күндүн ичинде тараптар ага карата пикирлерин бере алат.

2. Сот отурумунун протоколуна сын-пикирлер төрагалык кылуучу судья тарабынан токтоосуз каралат. Зарыл учурларда, төрагалык кылуучу судья сын-пикирлерди берген адамдарды, алардын мазмунун тактоо үчүн чакырууга укуктуу.

3. Пикирлерди карап чыгуунун натыйжасында төрагалык кылуучу судья алардын тууралыгын күбөлөндүрүү жөнүндө же аларды четке кагуу жөнүндө токтом чыгарат. Протоколго жана төрагалык кылуучу судьянын токтомуна карата сын-пикирлер сот отурумунун протоколуна кошулат.

---

Мурунку берене: [298-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-298)  
Кийинки берене: [300-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-300)
