# 298-берене. Сот отурумунун протоколу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 298-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-298

---

1. Сот отурумунун учурунда сот отурумунун катчысы протокол жүргүзөт.

2. Протокол компьютердик, электрондук (аудио-, видео жазууларды кошкондо), машинкага басуу же кол жазма түрүндө даярдалат.

3. Сот отурумунун протоколунда милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) отурумдун орду жана датасы, анын башталган жана аяктаган убактысы;

2) соттун аталышы, төрагалык кылуучу судьянын, катчынын, котормочунун, айыптоочунун, коргоочунун, айыпталуучунун ошондой эле жабырлануучунун, анын өкүлүнүн, сот чакырган башка адамдардын фамилиясы, ысымы жана атасынын ысымы;

3) каралуучу иш;

4) соттолуучунун инсандыгы жөнүндө маалыматтар жана бөгөт коюу чаралары;

5) кандай тартипте орун алса ошондой тартипте соттун аракеттери;

6) ишке катышып жаткан адамдардын билдирүүлөрү, каршы пикирлери жана өтүнүчтөрү;

7) судьянын өзүнчө жайга чыгып кетпестен чыгарылган токтому;

8) өзүнчө орун-жайдагы токтом чыгарууга көрсөтүүлөр;

9) ишке катышуучу адамдарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү, алардын көрсөтмөлөрүнүн, аларга берилген суроолордун жана аларга кеңири мазмуну;

10) сот отурумунда жүргүзүлгөн далилдерди иликтөө боюнча карап чыгуулардын жана башка аракеттердин натыйжалары;

11) ишке катышуучу адамдар протоколдо күбөлөндүрүүнү суранган фактыга көрсөтүүлөр;

12) тараптардын соттук жарыш сөздө сүйлөгөн сөздөрүнүн жана айыпталуучунун акыркы сөзүнүн негизги мазмуну;

13) өкүмдү жарыя кылуу жөнүндө жана аны даттануунун тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрүү жөнүндө көрсөтүү.

Мындан тышкары, протоколдо, эгерде орун алса, сотту урматтабагандык жөнүндө күбөлөөчү фактылар, тартип бузуучунун инсандыгы, тартип бузуучуга карата сот тарабынан кабыл алынган таасир этүү чаралары көрсөтүлөт.

4. Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө фотосүрөткө тартуу, сурактын аудио жана (же) видеожазуулары жүргүзүлсө, бул жөнүндө сот отурумунун протоколунда белгиленет. Бул учурда сүрөткө тартуу, аудио жана (же) видеого жазуу, киного түшүрүү материалдары жазык ишинин материалдарына тиркелет.

5. Протокол төрагалык кылуучу судья, соттун бүткүл курамы жана катчы тарабынан сот отуруму аяктаган күндөн 5 сутка кечиктирилбестен даярдалышы жана кол коюлушу керек.

6. Сот отурумунун протоколу менен таанышуу жөнүндө өтүнүч тараптар тарабынан сот отуруму аяктаган күндөн тартып 3 сутканын ичинде жазуу жүзүндө берилет. Эгерде өтүнүч негиздүү себептер менен берилбесе, көрсөтүлгөн мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн. Эгерде иш апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы сотко жиберилип калган болсо, өтүнүч канааттандырылбайт.

7. Төрагалык кылуучу судья тараптарга таанышуу мүмкүндүгүн камсыз кылат, ал эми талап боюнча - сот отурумунун протоколдорунун көчүрмөлөрү өтүнүч алынган күндөн тартып 3 сутканын ичинде берилет.

---

Мурунку берене: [297-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-297)  
Кийинки берене: [299-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-299)
