# 297-берене. Сот отурумунда тартип бузгандыгы үчүн таасир кылуу чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 297-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-297

---

1. Сот отурумунда процесстин катышуучусу тартип бузганда, төрагалык кылуучунун тескөөсүнө баш ийбегенде ага эскертүү берилет, ал тартипти кайра бузганда, сот отурумунун залынан чыгарып жиберилүүгө жатат же Бузуулар жөнүндө кодексте каралган акчалай жаза салынат. Чыгарып жиберүү айыптоочу жана коргоочудан тышкары, процесстин кайсы болбосун катышуучусуна карата жүргүзүлүшү мүмкүн, акчалай жаза айыптоочуга, коргоочуга жана айыпталуучуга салынышы мүмкүн эмес.

2. Айыптоочу жана коргоочу төрагалык кылуучунун буйругуна баш ийбей койгондо, эгерде иш үчүн зыян келтирбестен бул адамды башка адам менен алмаштыруу мүмкүн эмес болсо, ишти угуу соттун аныктамасы же судьянын токтому менен кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. Сот бул жөнүндө бир эле учурда жогору турган прокурорго же тийиштүү түрдө адвокатурага билдирет.

3. Эгерде сот отурумунун залынан айыпталуучу чыгарылса, өкүм анын катышуусунда жарыя кылынат же жарыя кылынгандан кийин ага дароо билдирилет.

4. Сот процессинин катышуучусунун сот отурумунун залынан чыгарылгандыгы жөнүндө протоколго киргизилет, ал эми акчалай жаза салууга алып келүүчү тартип бузуу жөнүндө сот приставы протокол түзөт.

5. Сот отурумунун залында олтурган, бирок процесстин катышуучусу болбогон адамдар тартип бузган учурда төрагалык кылуучунун тескөөсү боюнча сот отурумунун залынан чыгарылат. Мындан тышкары, аларга Бузуулар жөнүндө кодекс боюнча акчалай жаза салынуусу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [296-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-296)  
Кийинки берене: [298-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-298)
