Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
297-берене. Сот отурумунда тартип бузгандыгы үчүн таасир кылуу чаралары
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот отурумунда процесстин катышуучусу тартип бузганда, төрагалык кылуучунун тескөөсүнө баш ийбегенде ага эскертүү берилет, ал тартипти кайра бузганда, сот отурумунун залынан чыгарып жиберилүүгө жатат же Бузуулар жөнүндө кодексте каралган акчалай жаза салынат. Чыгарып жиберүү айыптоочу жана коргоочудан тышкары, процесстин кайсы болбосун катышуучусуна карата жүргүзүлүшү мүмкүн, акчалай жаза айыптоочуга, коргоочуга жана айыпталуучуга салынышы мүмкүн эмес.
2. Айыптоочу жана коргоочу төрагалык кылуучунун буйругуна баш ийбей койгондо, эгерде иш үчүн зыян келтирбестен бул адамды башка адам менен алмаштыруу мүмкүн эмес болсо, ишти угуу соттун аныктамасы же судьянын токтому менен кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. Сот бул жөнүндө бир эле учурда жогору турган прокурорго же тийиштүү түрдө адвокатурага билдирет.
3. Эгерде сот отурумунун залынан айыпталуучу чыгарылса, өкүм анын катышуусунда жарыя кылынат же жарыя кылынгандан кийин ага дароо билдирилет.
4. Сот процессинин катышуучусунун сот отурумунун залынан чыгарылгандыгы жөнүндө протоколго киргизилет, ал эми акчалай жаза салууга алып келүүчү тартип бузуу жөнүндө сот приставы протокол түзөт.
5. Сот отурумунун залында олтурган, бирок процесстин катышуучусу болбогон адамдар тартип бузган учурда төрагалык кылуучунун тескөөсү боюнча сот отурумунун залынан чыгарылат. Мындан тышкары, аларга Бузуулар жөнүндө кодекс боюнча акчалай жаза салынуусу мүмкүн.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-297" title="297-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>