# 295-берене. Сот отурумунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-295>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-295.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 295-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-295

---

1. Сот отурумунда соттун нормалдуу ишин жана процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу сот приставдарына жүктөлөт. Сот приставынын талаптары сот отурумунун залында катышып жаткан адамдар үчүн милдеттүү болуп саналат.

2. Судьялар киргенде жана чыгып баратканда сот отурумунун залындагы бардык катышуучулар ордунан турат.

3. Соттук териштирүүнүн бардык катышуучулары сотко ордунан туруп кайрылат, көрсөтмө берет жана билдирүү жасайт. Бул эрежеден чегинүүгө төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен гана жол берилиши мүмкүн.

4. Соттук териштирүүнүн катышуучулары, ошондой эле сот отурумунун залында катышып жаткан башка адамдар, сотко "Урматтуу сот" деп кайрылат.

5. Соттук териштирүүнүн бардык катышуучулары, буга тете эле сот отурумунун залында катышып жаткан бардык катышуучулар төрагалык кылуучу судьянын сот отурумунун тартибин сактоо жөнүндө тескөөлөрүнө баш ийиши керек. Алкоголдук мас болуу же болбосо же баңги заттарды, уу заттарды колдонгон абалда турган адамдар сот отурумунун залына киргизилбейт.

---

Мурунку берене: [294-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-294)  
Кийинки берене: [296-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-296)
